• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улукбек Марипов: Район акимдерин ротациялоо – мезгил талабы

Өкмөт 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында дайындалган, ошондой эле ротациядан өткөн райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Министрлер Кабинетинин башчысы эскерткендей, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жогорудагы Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү учурунда алгач ирет район акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациялоо (ишин баалоо) өткөрүлдү.

Улукбек Марипов белгилегендей, район акимдерин аттестациялоодон өткөрүү жана ротациялоо – мезгил талабы. Кадрларды мындай тандоо тажрыйбасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоо тутумун жана тажрыйбасын олуттуу жакшыртуу үчүн шарттарды түзөт жана калк менен жеринде иш алып баруу ыкмаларына ээ болгон натыйжалуу башкаруучулар курамын уюштурууга өбөлгө түзөт.

«Өлкөдөгү калктын 2/3 бөлүгү айыл жергесинде жашагандыгын эске алуу менен бул абдан маанилүү. Аймактардын жетекчилерин ротациялоо кадрлардын күчтүү резервин уюштуруунун аспабы болуп, келечекте алардын катарынан республикалык масштабдагы жетекчилер дайындалаарына ишеним билдирем», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Улукбек Марипов район акимдерин аттестациядан ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, аларды ачык-айкын иш алып барууга чакырды.

«Жергиликтүү органдарды башкарууга экономиканы, логистиканы жана социалдык тармакты өнүктүрүүгө багыт алган адамдар келгендиги абдан маанилүү. Сиздердин алдыңыздарда жеке кесипкөйлүгүңөздөрдү жана аймактагы кадрларды аттестациялоо жана ротациялоо практикасынын натыйжалуулугун иш жүзүндө далилдөө милдети турат», - деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы райондук мамлекеттик администрация башчылары иш алып бара турган негизги багыттарды белгиледи.

«Ар бириңиздердин ишиңиздердеги артыкчылык катары жергиликтүү калктын кызыкчылыгы болушу керек. Сиздер жер-жерлердеги көйгөйлүү тилкелерди жаңыча көз караш менен иликтеп чыгып, аларды чечүү боюнча токтоосуз чараларды кабыл алууңуздар керек, зарыл болгон учурда, аны биргелешип чечүү боюнча Министрлер Кабинетине сунуш киргизүүңүздөр керек», - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Ал акимдер алдында райондорду өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу, инвестицияларды тартуу жана коргоо, райондордогу өнөр жай өндүрүшүн жандандыруу, айыл чарбаны өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн потенциалын жогорулатуу, санариптештирүү, COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө сыяктуу олуттуу милдеттер коюлгандыгын белгиледи.

Эске салсак, 2021-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын президенти мамлекеттик администрация башчыларын – облустардагы район акимдерин кызматтан бошотуу жана дайындоо тууралуу Жарлыктарга кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий