• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улукбек Марипов сел жүргөн Кара-Буура районуна барды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында жакында сел жүргөн Кара-Буура районуна барды.

Селдин кесепетинен көпүрө жана Кара-Буура – Чаткал жолу, бир турак үй жана жеке балык чарбасы жабыркаган.

Улукбек Марипов аймакты кыдырып чыгып, Транспорт жана коммуникация министрлигине калыбына келтирүү иштерин эки жуманын ичинде бүтүрүүнү тапшырды.

КР президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жолдогу чаң авариялык абалды пайда кылып, өтүүчү жолдун көрүнүшүн начарлатып жаткан жол тилкеге суу чачылып турушун көзөмөлгө алуусу тапшырылды.

Улукбек Марипов селдин кесепетинен чыгаша тарткан жарандарга министрлер кабинетинин төрагасынын Резервдик фондунан материалдык жардам көрсөттү.

Социалдык объектилерди кыдырып чыккан соң министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, алар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелер боюнча тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий