• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улукбек Марипов тапшырманы аткарбагандыгы үчүн Бишкексууканалды сынга алды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Бишкексууканалдын башчысынын ишине нааразы болду, ал өкмөт башчынын тапшырмасын өз мөөнөтүндө аткарган эмес.

Бишкекбашкыархитектурага жумушчу сапарынын жүрүшүндө премьер-министр интерактивдүү картаны иштеп чыгуу боюнча бардык тапшырмалар аткарылдыбы деп сураган.

Мамлекеттик ахитектура жана курулуш башчысы Урматбек Кокочаров анын тапшырмасына ылайык, “Түндүкэлектр” жана “Жылуулуктармактарынын” интерактивдүү картасы даяр экенин, ал эми “Газпромдун” картасы даяр эмес экенин айткан. Докладчы тараптар ишти бүтүрүү үчүн 6 ай сураганын кошумчалады. Ошондой эле, Кокочаров “Бишкексууканал” ишти 50%га бүткөргөнүн билдирди.

Бирок, Бишкексууканалдын өкүлү кечээ иштин 98%ы тапшырылганын айтты.

Буга Мамлекеттик архитектура жана курулуш башкармалыгынын өкүлү карта инженерлер тарабынан кабыл алына электигин кошумчалады.

Улукбек Марипов буга байланыштуу нааразычылыгын билдирип, мындан мурда Бишкексууканалдын интерактивдүү картасы 50%га бүткөн деп маалымат беришкенин билдирди.

“Мен бир ай мурда иш бир айдын ичинде бүтпөсө иштей тургандар башка адамдар келет деп айтканмын. Мамкурулуш иш бүтө элек дейт, сиздер бүттү дейсиздер. Биз тиешелүү чараларды көрүшүбүз керек. Бул тууралуу мен жыйындын соңунда айтам”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий