• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улукбек Марипов Ташкентте этникалык кыргыздар менен жолукту (фото)

Өкмөт 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстанга иш сапарынын алкагында Ташкентте Жизак районунун Манас айылындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту.

КРнын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстанда 55 мектеп бар, анын ичинен 14ү кыргыз тилдүү, калганы өзбек тили менен аралаш окутуларын маалымдады.

Жолугушуу учурунда Кыргызстандын өкмөт башчысы президент Садыр Жапаровдун саламын айтты.

“Президент Өзбекстанга келгенде тыгыз графиктен улам сиздер менен жолугуша алган жок. Ошондуктан, бизге сиздер менен жолугушууну тапшырды”,-деди ал.

Ошондой эле Марипов аларга көңүл буруп, ушундай шаарча куруп бергендиги үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар, КР премьер-министри кыргыз диаспорасы көптөгөн улуттардын арасынан өзүнүн ордун таап, кыргыз маданиятын жана каада-салтын сактап келе жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Орто Азиянын бардык жашоочулары боордоштор. Алардын ичинде сиздер ушул аймакта жашап жатасыздар. Өзбекстан көп улуттуу өлкө. Ал эми сиздер биздин маданиятты жана каада-салтыбызды көрсөтүп келе жатасыздар. Кантсе да эң башкысы тил”, - деп, жолугушуу этникалык кыргыздар жашаган жерде болуш керек эле, бирок убакыттын тардыгынан улам Ташкентте жолугууга туура келди деп кошумчалады.

Озбекстандагы этникалык кыргыздар диаспорасынын башчысы Рахматулла Жаббанов бул Өзбекстандын 30 жындык тарыхында Кыргызстандын премьер-министри менен жеке жолугушуп, эркин баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү эң сонун күн экендигин айтты.

“Биз Өзбекстандагы кыргыздар жакшы жетишкендикте жашап жатабыз. Президентибиз Шавкат Миромонович дайыма Өзбекстан көп улуттуу өлкө деп айтып келет. Бул жерде бардык улуттар үчүн шарттар түзүлгөн. 7 тилде окуткан мектептер, маданий борборлор бар”,-деди ал.

Жаббанов делимитация жана демаркация маселелери аягына чейин чечилип, өлкөлөр ортосундагы тоскоолдуктар алынат деген ишенимин билдирди.

“300 миңден ашык этникалык кыргыздардын атынан сизге ыраазычылык билдирем. Бул жерде биздин жашообуз үчүн бардык шарттар түзүлгөн”,-деди ал.

Манас айыл аймагынын башчысы Жалил Кенжаев аймакта 6,5 миң адам жашаса, анын 88%ы кыргыздар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий