• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти «Маариф» мектебинин ачылыша катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк «Маариф» билим берүү комплексинин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Министрлер кабинетинин атынан жалпы мекендештерди Бишкек шаарында заманбап «Маариф» билим берүү комплексинин ачылышы менен куттуктайм. Балдардын билим алуусуна, өсүп келе жаткан муундун тарбиясына инвестициялоо – туура жана натыйжалуу жол деп ишенем. Жаңы билим берүү комплекси жогорку деңгээлдеги окуу жайларга коюлган заманбап стандарттарга жооп бергендиги кубандырат. Мында балдардын окуусу жана педагогдордун иштөөсү үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Жаңы ийгиликтер жарала берсин», – деди Улукбек Марипов.

Белгилесек, «Маариф» билим берүү комплексин ачуу тууралуу келишимге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Маариф» түрк фонду тарабынан 2020-жылдын 10-ноябрында кол коюлган.

Бишкек шаарындагы билим берүү мекемеси 400 окуучуга эсептелген, мында 53 педагог эмгектенмекчи. Окутуучулар курамынын көпчүлүгү – бул жогорку деңгээлдеги жергиликтүү адистер.

Учурда дүйнөнүн 44 өлкөсүндө 300дөн ашуун «Маариф» билим берүү мекемелер тутуму иш алып барууда, анда болжол менен 43 миң окуучу билим алууда.

Мындан тышкары, Улукбек Марипов жана Фуат Октай Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.

Пикир

Оставить комментарий