• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Улукбек Марипов жубайы менен бирге COVID-19га каршы вакцина алды

Өкмөт 0


Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен бирге Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Улукбек Марипов пандемияга каршы күрөштө жалпы эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды вакцина алууга чакырды.

«Министрлер кабинети жарандарды коронавируска каршы эмдөө менен камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоодо, бул вирустук илдеттен коргоону үчүн натыйжалуу жана коопсуз ыкма болуп саналат.

Жакынкы арада биз чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн кошумча вакцина алууну пландаштыруудабыз. Азыркы учурда кыргызстандыктарды вакцинациялоонун темпин күчөтүү Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдети болуп саналат», - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле медицина кызматкерлерине пандемияга каршы күрөшүүгө кошуп жаткан маанилүү салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий