• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улукбек Мариповдун Талас облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды

Өкмөт 0

Бишкек, 31.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Талас облусуна иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Бишкек-Ош унаа жолундагы реконструкциялоо ишин, Өтмөк ашуусундагы Суусамыр-Талас-Тараз жолунун абалын текшерип, Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Ошондой эле жарандардын арыздары боюнча Көк-Кашат айылындагы Атай Огонбаев атындагы мектептин абалын текшерди, Шекер айылындагы «Чынгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мындан тышкары, жакында сел жүргөн Кара-Буура районуна барды.

Сапардын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, жамап-түзөө иштеринен баш тартып, Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы 6 км унаа жолуна эки катмар асфальт төшөө менен капиталдык ремонттон өткөрүү, Кара-Буура – Чаткал жол тилкесин грейдер менен тазалап, жолду ачуу тапшырылды. Кара-Буура районундагы селдин кесепетинен жабыркаган көпүрөнү эки жуманын ичинде калыбына келтирүү милдети коюлду. Мындан тышкары, Министрлер Кабинети келерки жылы Шекер айылындагы «Чынгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексинин курулушунун биринчи этабын жыйынтыктоо үчүн калган сумманы бөлүп берет.

Улукбек Марипов белгилегендей, министрлер кабинети облустун тургундары көтөргөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Пикир

Оставить комментарий