• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улукбек Мариповдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары аягына чыкты — сүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 07.08.21 /Кабар/. Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары аягына чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы селдин кесепетинен жабыркаган Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна барып, жергиликтүү калк менен жолукту. Улукбек Марипов калыбына келтирүү иштерин тез арада бүтүрүүнү тапшырды.

Улукбек Марипов мындан тышкары Каракол шаарындагы «Бугу Эне» зоопаркына барды, Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы «Кредо-Бак» кооперативинин, Ананьево айылындагы «Этнопродукт» ишканасынын иштери жана Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышты. Ошондой эле катуу мөндүрдүн кесепетинен айыл чарба өсүмдүктөрүнө залал келтирилген Түп районунун Арал айыл аймагынын жер тилкелерин кыдырып чыкты.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийликке бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий