• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Улут абийири". Улан Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө сыйлык жана 100 миң сом акча берилди

Коом 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Бишкекте бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө адабиятчы Салижан Жигитовдун элесине арналган "Улут абийири" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Иш-чара "Чеч-Дөбө" кеңеши тарабынан демилгеленген. Аталган кеңештин 6-октябрда өткөн жыйынында Салижан Жигитов атындагы "Улут абийири" сыйлыгына татыктуу талапкерди тандоо маселеси каралган. Талкуу жүрүшүндө басымдуу көпчүлүктүн пикири менен 2018-жылдын "Улут абийири" наамына татыктуу лауреат деп чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев тандалган. Сыйлык Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө тапшырылды.

Кеңештен билдиришкендей, 2017-жылы түзүлгөн "Чеч-Дөбө" кеңеши кыргыз коомунун өнүгүшүнө өзүнүн иш-аракеттери менен өзгөчө салым кошкон инсандарга 2 түр сыйлык берүүнү баштаган. Бул сыйлыктар ар дайым улуттук кызыкчылыкты коргоп, жалпы коомчулуктун мүдөөсүнө шайкеш багыттагы туруктуу позицияны карманып келаткан инсандарга берилет. Бири белгилүү адабият сынчысы жана публицист Салижан Жигитов атындагы "Улут абийири" сыйлыгы, экинчиси атактуу мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы "Улут үлгүсү" сыйлыгы. Сыйлык ээси деп табылган эки инсандын ар бирине 100 миң сомдон акчалай сыйлык берилет. Бул иш чаранын максаты - улут абийири саналып, улутка үлгү болуп келаткан прогрессчил көзкараштагы күчтөрдү калыптандыруу.

Былтыр "Улут абийирине" Нарын Айып татыктуу болгон, ал эми "Улут үлгүсү" сыйлыгынын лауреаты эколог Эмил Шүкүров болгон. Быйыл Ишенбай Абдуразаков атындагы "Улут үлгүсү" сыйлыгына татыктуу талапкер жок деп табылды.

Пикир

Оставить комментарий