• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улут баалуулугун чагылдырган телесериалдарды тартууга каражат бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тематикалык телесериалдар түрүндө улуттук аудиовизуалдык продукцияларды түзүү үчүн 30 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Дарак ыры» мюзиклинин авторлору менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

«Киносериалдар үчүн мыкты сценарийлерди тандоо боюнча сынак 2020-жылдын январь айынын аягына чейин жарыяланат. Биз сценарийлерде идеология болуш керек деп эсептейбиз. Тасмадагы эң башкы үч тема – адам, үй-бүлө, мекен болуш керек. Албетте, негизги принциптер сакталган болсо, жанрлар жана сюжеттер боюнча эч кандай чектөөлөр болбойт», – деп белгилеген Мухаммедкалый Абылгазиев, мына ушул механизмди колдонуу менен атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүүнү, ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүүнү шарттарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий