• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улут саламаттыгы: Чылым чеккен жаш кыздар көбөйүүдө

Ден соолук 0

Кыргызстанда соңку мезгилде чылым чегүү аялдардын жана кыздардын арасында өсүп жатканын адистер тынчсыздануу менен белгилеп келишет. Алардын айтымында акыркы 5 жылда аялдар арасында чылым чегүүнүн үлүшү 0,5 пайыздан 4 пайызга көбөйгөн. Кыз-келиндердин арасында чылым чегүүнүн өсүшүнө эмне себеп болууда?
Расмий маалыматка ылайык Кыргызстанда 18 жашка толгон жарандардын 30 пайызы тамеки чегет. Эркектердин 48 пайызы, аялдардын 20 пайызы чылымга көз каранды.Учурда тамеки тартуу эркектерге караганда аялдар жана кыздар арасында тез өсүп жатат, деп адистер коңгуроо кагып келишет.

Бул залалдуу затты колдонгон аялдардын 20 пайызы рак оорусунан жабыркап, каза табат, деп билдирди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы башчысы Салия Карымбаева.
Маанайы түшүп, ачуусу келип турганда чылым чегерин айткан 20 жаштагы Асема ( аты өзгөртүлдү) Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде билим алат. Ал 5 жылдан бери бул залалдуу адатттан кутула албай келет.

“15 жашымдан бери тамеки чегем. Азыр чеккениме 5 жылдын жүзү болду. Үйдөгү ата-энем, бир туугандарым билбейт. Чылымды жашырынып чегем, айрым досторум гана чылым чегээримди билбесе көпчүлүгү билишпейт. Тамекини тартуум мектепте окуп жатканда башталган. Жанымдагы курбу кызым тамеки чегип көрбөйлүбү деп сунуштаган. Мен макул болуп ошол күнү тамекини оозума алган элем. Биринчи жолу чеккенимде жүрөгүмдү айлантып кускумду келтирген. Бирок эртеси күнү да чегип көрүүнү чечтим. Ошентип отуруп көнүп кеттим. Көп жолу таштайын деп аракет кылдым . Араң бир жума гана чыдап анан эрким жетпей кайрадан чегип алам. Азыркы учурда мен сыяктуу тамеки чеккен кыздар көбөйгөнүн байкап жүрөм. Бул нерсеге өзүңдүн чөйрөң таасир этет деп ойлойм”-дейт Асема.

Учурда жаш кыздардын арасында залалдуу заттын торуна түшкөндөрдүн саны арбууда. 27 жашка келип 6 жылдан бери тамекиге көз каранды болгон Шейма акыркы үч айдан бери тамекиден арылууга аракет жасоо менен убара.
“Тамекини ачуум келип, стресс болгондо чегем. Жумушумдагы ар кандай келишпестиктерден улам ар дайым маанайым түшүп жиним келчү. Ошол убакта тамекини тартсам кадимкидей жеңилдеп калчумун. Акыркы 3 айдан бери бул залалдуу заттан кутулайын деп аракет кылып жатам. Бирок кээ бир күндөрү 10-15 даана тамеки чегип койгон убактарым болот. Азыркы убакта тамекинин пайдасы жок экенин билип отурам. Жашообузда көйгөй болсо башка жол менен жеңген оң экен”-деди Бишкек тургуну.
Кыргызстанда соңку жылдары 25 жаштан 50 жашка чейинки эркектер арасында чылым чегүү азайганы менен, ушул эле жаштагы аялдардын арасында тамеки тарткандар көбөйгөнүн адистер айтып келишет. Кардиология жана терапия улуттук борборунун профессору Нурлан Бримкуловдун пикиринде кийинки убакта эркектерге караганда кыз-келиндер чылым чегүүгө эки-үч эсе көп азгырылууда. “Улуттун генефондунун келечеги кыздарыбыздын саламаттыгынан көп көз каранды.Тамеки тартуу, айрыкча жаш кыздардын арасында бул көрүнүштүн өсүүсү өтө чоң көйгөй. Андыктан кыздар жана аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарыл”- деп билдирет профессор “Азаттык радиосуна” берген интервьюсунда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматына караганда Кыргызстан дүйнө жүзүндө өпкө оорусунан каза болгондордун саны боюнча алдыңкы орунда турат. Буга себеп чылым чегүү жана жаратылыштагы абанын булгануусу. Анткен менен доктурлардын айтымында тамекинин залалы ден соолукка булганыч экологиядан да көбүрөөк таасир этет.

Кардиология жана терапия улуттук борборунун пульмонология бөлүмүнүн башчысы профессор Талантбек Сооронбаевдин айтымында Кыргызстандыктардын саламаттыгынын бузулуусу тамеки чегүү менен да байланыштуу. “Чылым чегүүнүн айынан адамдар аз жашап, эрте көз жумуп жатышат. Себеби тамеки өпкө рагына, тукумсуздукка, инфарктка, инсультка себеп болот. Ошондой эле аялдардын тамеки тартуусу балдардын оорукчан, алсыз болуп төрөлүүсүнө алып келүүдө. Мурун чылым чегүүнүн айынан өпкө оорусуна чалдыгып кайрылган аялдар чанда кездешчү. Бүгүнкү күндө бул нерсе көнүмүш адатка айлана баштады”,-дейт профессор Талантбек Сооронбаев.

Соңку мезгилде чылым тартуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан “оору” катары каралууда. Ошол себептүү Сооронбаев тамеки чегүү менен олуттуу түрдө күрөшүү зарыл экендигин баса белгилейт. Ал 30 секунда ичинде тамеки тарткандарды 30 пайызга азайтуу ыкмасын колдонуу керек дейт. Чылымга берилген адамдарга доктурлар, атайын даярдалган адистер 30 секунда ичинде жакшы консультация берсе 5 жылдын ичинде тамеки чегүүчүлөрдү 30 пайызга кыскартса болот экенине ишенет.
Мындан тышкары дарыгер тамекиге азгырылган кыз-келиндердин саны өсүп жатканын кошумчалады. 2008-жылы эркектер арасында чылым чегүү 45 пайызды түзсө кыздар арасында 2 пайызды түзүп турган. Сегиз жылдан кийин тамеки чеккен эркектердин саны ошол бойдон калса, кыздар арасында 3 эсеге көбөйгөн.
Чылым чегүү менен байланышкан өлүмгө алып келүүчү үч маанилүү себеп бар. Алар – жүрөк- кан-тамыр, распиратордук жана рак оорусу. 35тен 69 жашка чейинки аялдардын төрт пайызы тамекиден улам каза болот,- деп маалымдады КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук комитеттин координатору Чынара Бекбасарова.
Бекбасарованын айтымында, бүгүнкү күндө айрыкча 16-19 жаштагы студент кыздар арасында чылым чегүү тездик менен өсүүдө. Бул нерсе аялдардын эркектер менен тең тайлашып иштегенине да байланыштуу болушу мүмкүн.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча дүйнө жүзүндө бир млрддан ашык адам чылым чегет. Алардын төрттөн үч бөлүгү Азия өлкөлөрүнө туура келет. Орусияда да акыркы жылдары аялдар жана кыздар арасында чылым чегүү 56 пайызга көтөрүлсө, эркектердики 11 пайызга кыскарган. Кытайда да жогорку билимдүү жаш аялдардын чылымга берилип бараткан агымы байкалууда. Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында аялдар тамеки сатып алыш үчүн чылымга көз каранды экендиги тууралуу медициналык маалым кат көрсөтүшү керек. Өлкөнүн башка аймактарында жана борбор калаада аялдарга тамеки сатууга толугу менен тыюу салынган. Муну менен Түркмөнстан дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдө эң аз чылым чеккен өлкө катары саналат.

Айдана Төлөнова
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин
журналистика бөлүмүнүн студенти

Пикир

Оставить комментарий