• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Статком Дүйнөлүк банк жана Британиянын Тышкы иштер министрлиги менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Улуттук статистикалык комитет өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу үчүн анык маалыматтарды колдонууга көмөк көрсөтүүдө эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Дүйнөлүк банктын, Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жолугушуу жакынкы убакытта ишке ашырууга пландаштырылган экономикалык өнүктүрүү максатындагы натыйжалуу башкаруу программасынын алкагындагы Техникалык колдоо көрсөтүү долбоорунун максаттарын жана милдеттерин талкуулоого багытталган.

Долбоордун максаты региондук өнүктүрүү жана локалдык маалыматтарды башкаруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо тутумун бекемдөө, ошондой эле акча-кредиттик саясатты талдоону жана болжолдоону өркүндөтүү чөйрөсүндөгү экономикалык саясаттын натыйжалуулугун, отчеттуулугун жана ачык-айкындуулугун көтөрүү үчүн КР министрлер кабинетинин, ошондой эле башка башкы министрликтердин жана ведомстволордун анык маалыматтарды пайдалануусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Улутстаткомдун төрагасы бул долбоордун Улутстатком үчүн маанилүү экендигин айтып, Дүйнөлүк банк жана Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министрлигинин командасы менен активдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

"Улутстатком эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө саясаттын натыйжалуу түзүлүшүн бекемдөө жана региондук жана жергиликтүү деңгээлдерде чечимдерди кабыл алуу үчүн жогорку сапаттагы маалыматтарды иштеп чыгууда кызматташтыктын кийинки кадамдарын аныктоого даяр",- деди ал.

Ошону менен бирге ал бул Долбоордун алкагында региондордун өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү тутумун автоматташтырууга жана региондук жана муниципалдык статистиканы жүргүзүү үчүн ишенимдүү негиз түзүүгө колдоо көрсөтүлөрүнө ишене тургандыгын билдирди.

Дүйнөлүк банк жана Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү долбоор жана аны жүзөгө ашыруунун кийинки пландары жөнүндө кеңири маалымат беришип, кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий