• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди тараткан адам кармалды - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди тараткан адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-октябрда УКМК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1989-жылкы Баткен облусунун тургуну А.А., аттуу КР жараны кармалган.

Маалыматка ылайык, кармалган адам «WhatsApp» тиркемечи аркылуу 100 абонент катталган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштыргандыгы аныкталган.

"Азыркы убакта кармалган жаран материалдарды таркатуу боюнча жасаган ишин мойнуна алып, өкүнгөндүгүн билдирүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү жана процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР УКМК тергөө органдарына жөнөтүлдү.

КР УКМК тарабынан чагымчыл мүнөздөгү материалдарды даярдап жана жайылтууну аныктоо жана алдын алуу боюнча иш чараларды улантууда.

Пикир

Оставить комментарий