• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улуттук адабият күнүнө карата “Эргүүгө айланган кыш” поэзия кечеси өткөрүлдү

Маданият 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Эргүүгө айланган кыш” поэзия кечеси өткөрүлдү.

Кыргызпатенттен кабарлашкандай, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан адабият күнүнө карата министрликтерде, мамлекеттик органдарда поэзия кечесин өткөрүү демилгеленген. Алгачкы кече Кыргызпатенттин эмгек жааматы үчүн уюштурулду.

Акындар Кыял Тажиева, Болот Мамбетисаев, Акбар Кубанычбеков, Акжол Доранбек уулу, Аида Садыкова мекен, сүйүү, турмуш тууралуу ырларын окушуп, кечени манасчы, дастанчы, комузчу Аскат Жетиген уулу, ырчы Расул Бактыбек уулу концерттик программа менен коштоду.

"Жан дүйнөнү аруулаган, ыр-күүгө муюткан кече бир саатка созулду. Кыргызпатенттин жаштары калеми курч, жалындуу акындарды кубаттап кол чабышып, чыныгы ыр дүйнөнүн ыргагына бөлөнүштү. Кеченин соңунда Кыргызпатенттин кызматкери, белгилүү акын Сүйүн Кубатова өз калемине таандык ырларын окуп берди. Ведомствонун эмгек жамааты бардык искусствонун башаты болгон поэзиянын ыргактарын тартуулаган калемгерлерге, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришип, авторлордун чыгармачылыгына ийгиликтерди каалап өтүштү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий