• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук адабият күнү: Республикалык “Алтын калем” сыйлыгы ээлерин тапты

Маданият 0

Бишкек, 12.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Улуттук адабият күнүнө карата Республикалык “Алтын калем” сыйлыгын ыйгаруу аземи өттү.

Иш-чарага президенттин кеңишчиси, жазуучу, тарыхчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, акын-жазуучулар жана маданият өкүлдөрү катышты.

Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбековдун айтымында, 12-декабрда Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келип, залкар акын Алыкул Осмонов каза болгон.

“Мындан улам Жогорку Кеңештин токтому менен 12-декабрь — Улуттук адабият күнү деп белгиленген. Куштун кош канатындай, бир канаты экономика бир канаты адабият менен искусство катар жүрүшү керек. Бир гана мисал, Тажикстанда адабиятка болгон мамлекеттик саясат өтө жогорку деңгээлде. Анан биз, Улуттук жазуучулар союзу Маданият министрлиги менен биргеликте “Алтын калем” деген сыйлык уюштурдук. Бизге поэзия, проза жана драматургия боюнча 200дөн ашык чыгарма келип түштү. Каражат тартыштыгынан үч багытта гана сыйлык берип жатабыз. Кийинки жылы көркөм котормо, адабий сын жана орус тилдүү калемгерлер үчүн дагы сыйлык ыйгарганы жатабыз”, - деди ал.

Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгы менен төмөнкү жазуучулар сыйланды:

Поэзия боюнча: Улукбек Омокеев, Бурулкан Сарыгулова, Жедигер Саалаев.

Проза боюнча: Топчүгүл Шайдуллаева, Айдарбек Сарманбетов, Арслан Койчиев.

Драматургия боюнча: Капар Токтошов, Нурлан Абдырахманов, Тыныбек Сыдыков.

Кошумчалай кетсек, ар бир жанр боюнча байге фонду 100 миң сомду түзөт. Жеңүүчүлөргө диплом, статуэтка жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-декабрь — Улуттук адабият күнү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий