• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлүгүнө ачык конкурс жарыяланды

Билим 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлүгүнө жумуш берүүчүлөрдүн жана алардын кесиптик бирикмелеринин мүчөлөрү үчүн ачык конкурс жарыяланды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, каалоочулар документтердин топтомун ушул жылдын 6-февралынан 16-февраль, саат 18:00гө чейин тапшырышы керек.

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:

- жеке арызы;

- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен);

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;

- нотариустан же иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

- паспорттун көчүрмөсү.

Кошумча маалымат алуу үчүн: (0312) 62-10-46, 0705155844

Талаптар тиркемеде

Пикир

Оставить комментарий