• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук антидопинг борборунун программасынын презентациясы болду

Спорт 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. 16-октябрь күнү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаштар борборунда (Бишкек шаары) «Улуттук антидопинг борбору» Допингге каршы күрөшүү дирекциясынын программасынын презентациясы болуп өттү.

Иш-чарага Мамагенттиктин директору Канат Аманкулов, КР Улутттук олимпида комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов, Допингге каршы күрөшүү дирекциясынын директору Нургүл Кермакунова, Спорттук-реабилитациялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Бактыгүл Алишева, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялардын жана федерациялардын өкүлдөрү катышкан.

Презентациянын алдында катышуучулар коронавирус илдетинен каза тапкан машыктыруучуларды, дене тарбия жана спорт кызматкерлерди эскеришкен.

«Мамагенттиктин башкаруу системасын оптимизациялоонун эсебинен биз Улуттук антидопинг борборун түзүүгө жетиштик. Бул аракет менен Дүйнөлүк допингге каршы агенттиктин, Борбордук-Азиялык аймактын допингге каршы уюмунун, БУУнун жана ЕККУнун алдында бардык милдеттерибиз толук кандуу аткарылды. Эми кезекте допингге каршы эрежелердин бекитилиши турат. Борбордун түзүлүшү 2020-жылда спорт тармагында болгон жакшы жышан болду. Улуттук антидопинг борборунун иши биринчи ирет допинг колдонууну алдын алууга жана эл аралык деңгээлде ата мекендик спортчулардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Бардык федерациялардын өкүлдөрүн, башкы машыктыруучуларды бул маселеге кылдаттык менен кароого чакырат элем. Анткени сиздер эл аралык мелдештерге Кыргызстандын атынан катышып, өлкө намысын коргоп келесиздер. Ал эми Улуттук антидопинг борбору болсо биздин максаттардын ишке ашышына көмөкчү болот. Федерациялардын жетекчилеринин деңгээлинде Улуттук антидопинг борбору менен туруктуу иш алып барууну суранат элем. Ар бир федерация аталган борбордун өнүгүшүнө, допинг колдонууну алдын алууга кызыктар болуш керек», – деди Аманкулов.

Ошондой эле, ал Улуттук антидопинг борбору чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан көз карандысыз экендигин белгилеген.

Аталган борбордун программасынын презентациясын Нургүл Кермакунова жасаган.

«Борбордун миссиясы – таза спортту алдыга сүрөө жана бардык спортчулар үчүн бирдей шарттарды түзүү болуп саналат. Программага биринчи кезекте билим берүү кирип, спортчулар, спорттук дарыгерлер, машыктыруучулар жана курама командалардын башка мүчөлөрү үчүн семинарлар, тегерек столдор өткөрүлөт. Программага ылайык илимий-изилдөө иштерине жана допингге каршы инспекторлорду жана спорттук дарыгерлерди окутууга чоң көңүл бурулат. Федерациялар – допингге каршы системанын бир бөлүгү, ошондуктан сиздер менен тыгыз кызматташуу биз үчүн өтө маанилүү», – деп белгилеген ал.

Азыркы күндө Улуттук антидопинг борбору Дүйнөлүк допингге каршы агенттикте улуттук, эл аралык стандарттын деңгээли камтылган Кыргыз Республикасындагы допингге каршы улуттук эрежелерди киргизген. Мындан тышкары, борбордун календардык планы бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий