• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук банк 10-мартка карата былтыркы жылдын көрсөткүчүнө барабар болгон интервенция жүргүздү

Экономика 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 2020-жылдын 10-мартына карата 2019-жылдагы көрсөткүчкө барабар болгон интервенция жүргүздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында КР УБнын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымдады.

“Акыркы ирет 50 млн АКШ долларын саттык. Бул сумма былтыркы жылдын көрсөткүчүнө жетти. Бирок, мунун эч жаман жери жок. Улуттук банктын алтын валюта резерви бар, ал 2,4 млрд долларды түзөт”, - деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын башынан тарта 10-мартка чейин Улуттук банк валюталык интервенция жасап, жалпы 140, млн АКШ долларын сатыкка чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий