• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук банк 116 комбанктын жана 86 акча алмаштыруу жайынын ишин текшерди

Экономика 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. КР Улуттук банкы жыл башынан бери 116 коммерциялык банктын жана 86 акча алмаштыруу жайынын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк тарабынан банктардын, алмашуу бюролорунун кардарларды тейлөө жана валюта операцияларын жүргүзүү ишине көзөмөл күчөтүлгөн.

"Жыл башынан бери 116 коммерциялык банкка жана 86 акча алмаштыруу бюросуна текшерүү жургүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча кардарларды банктык тейлөө, ошондой эле кардарлар алдында өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн ликвиддүүлүктү колдоо ишин күчөтүү зарылдыгы жөнүндө жана башка маселелерге тиешелүү жазма буйруктар жана эскертүүлөр берилген. Мындан тышкары, коммерциялык банктардын жетекчилери менен учурда орун алып жаткан жагдайды талкуулоо жана туруктуу ишти колдоо, кардардын алдында милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл чараларды кабыл алуу максатында мезгил-мезгили менен жолугушуулар өткөрүлүп турат", - деди ал.

Ал кошумчалагандай, текшерүүлөрдүн натыйжасында жазма буйруктар жана эскертүүлөр жөнөтүлгөн, 29 алмашуу бюросунун лицензиясынын иши токтотулган, ал эми үчөөсүнүн лицензиясы кайтарылып алынып, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жалпы 1 млн 180 миң сом суммасына айып пул салынган.

Пикир

Оставить комментарий