• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Улуттук банк 50 жана 100 сом номиналындагы өзгөртүлгөн банкнотторду жүргүртүүгө чыгарат

Экономика 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/18 «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 2016-жылы чыгарылган IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкнотторун жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө» токтомуна ылайык, 2017-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн 50 жана 100 сом номиналындагы банкнотторун жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банкттын басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылы чыгарылган IV сериядагы өркүндөтүлгөн 50 жана 100 сом номиналындагы банкноталары төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Классикалык ыкма менен даярдалган мыкты көрүнүп турган портрет.

2. Чыгарылган жылы 2016.

Улуттук валютасынын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноталары, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом банкноталары менен чогуу жүгүртүүдө болот.

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары чыгарылган жылынан көз карандысыз милдеттүү түрдө кабыл алууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий