• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларды 270 миң сом айыпка жыкты

Экономика 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Улуттук банк Ош жана Талас шаарындагы акча алмаштыруучу жайларды мыйзам бузуп, тиешелүү жоболорду аткарбагандыктары үчүн жапты. Бул тууралуу УБнын расмий сайтында маалымдалат.

Андан тышкары, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү фактысы боюнча Ош шаарынын тургуну М.М.Ш. – 100 000 сом айып салуу менен административдик жоопкерчиликке тартылган.

Ошондой эле УБнын банк мыйзамдарынын чөйрөсүн укук бузуу фактысы боюнча Ош шаарындагы алмаштыруу бюросунун кызматкери И.Б.Дж. 20 000 сом, алмаштыруу бюросу 100 000 сом жана Жалал-Абад шаарындагы микрокредиттик компаниясынын жетекчиси 50 000 сом айып салуу менен административдик жоопкерчиликке тартылышты.

Пикир

Оставить комментарий