• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук банк: Акча-кредиттик шарттар олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгон жок

Экономика 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Акча-кредиттик шарттар негизинен олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгон жок. Бул тууралуу КР Улуттук банкы билдирет.

Маалыматка ылайык, акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банктын эсептик ченине жакындашкан жана белгиленген пайыздык чен чегинде өзгөрүп турууда. Акча рыногунун катышуучуларынын жигердүүлүгү биринчи кезекте, ачык рынокто операциялар боюнча кыска сегментте жогорулаган.

Экономиканы кредиттөө жана банктардын депозит базасынын артышынан улам өсүшү сакталып турат. Кредиттер боюнча чендер төмөндөө тенденциясына ээ: 2020-жылдын январь-ноябрь айларында улуттук валютада кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган чен 1,3 пайыздык пунктка 16,2 пайызга чейин, чет өлкө валютасында кредиттер боюнча 0,4 пайыздык пунктка 9,3 пайызга чейин төмөндөгөн. Мында, мөөнөтү өткөрүлгөн кредиттердин жана мөөнөтү узартылган кредиттердин үлүшү кредит портфелине салыштырмалуу бир аз көбөйгөндүгү белгиленген (2020-жылдын ноябрь айынын жыйынтыгы боюнча тиешелүүлүгүнө жараша 2,6 пайызды (жыл башынан тартып +0,8 пайыздык пункт) жана 14,1 пайызды (жыл башынан тартып +11,5 пайыздык пункт) түзгөн).

Экономиканын долларлашуу деңгээли анча жогору эмес деңгээлде сакталып турат: 2020-жылдын акырына карата депозиттердин долларлашуусу жыл ичинде 4,7 пайыздык пунктка жогорулап, 42,9 пайызды түзгөн, ал эми кредиттердин долларлашуусу№, тескерисинче, 2,2 пайыздык пунктка, 32,9 пайызга чейин төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий