• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Улуттук банк: Акча рыногунда жагдай туруктуу сакталып турат

Экономика 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын акча рыногунда жагдай туруктуу сакталып турат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат курсу улантылууда.

"Кыска мөөнөттүү пайыздык чендер төмөндөгөн динамиканы көрсөтүп, пайыздык чектин алкагында калыптанган. Банктар аралык кредит рыногунда, айрыкча кыска сегментте, катышуучулардын активдүү болуусу катталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Банк системасы үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээли орун алган шартта ишин уланткан. Экономиканы кредиттөө жана банктардын депозиттик базасын кеңейтүү боюнча алгылыктуу динамика сакталып турат. Депозиттер менен кредиттердин долларлашуу көрсөткүчтөрү төмөндөөдө.

Ички валюта рыногундагы абалды туруктуу катары мүнөздөөгө болот. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнө жол бербөө үчүн валюталык интервенцияларды жүргүздү.

Өлкөдөгү инфляциянын деңгээлине тышкы катары мүнөздөлгөн факторлордун таасир берүү тобокелдиги сакталып турат. Азык-түлүк товарларына болгон баалардын дүйнө жүзү боюнча өсүшү, административдик баалардын жана тарифтердин (электр энергиясы, коомдук транспорт тарифтери) жогорулашы, айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн олуттуу төмөндөшүн шарттаган үстүбүздөгү жылдын жаз-жай мезгилиндеги жагымсыз климаттык шарттар 2021-жылы инфляцияга алып келүүчү монетардык эмес негизги факторлордон болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий