• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Улуттук банк бир айда үчүнчү жолу интервенция жасады

Экономика 0

Бишкек, 28.11.18. / Кабар/. Улуттук банк сомдун туруктуулугун кармаш үчүн дагы бир ирет интервенция жасады. Улуттук банктын сайтында 24 млн. 100 миң доллар сатылганы айтылат.

Бул улуттук банктын ноябрь айындагы үчүнчү интервенциясы болууда. Бул айда жалпы 47 млн. 850 миң доллар сатылды.

Белгилей кетсек, жыл башынан тарта Улуттук банк тогузунчу жолу интервенция жасады.

Бүгүнкү күнү долларга карата сомдун расмий курсу 69,85 сомду түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий