• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук банк быйылкы жылдын эсеби менен онунчу ирет интервенция жасады

Экономика 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк валюта рыногунда 6 млн 600 миң доллар саткан – бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 3 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 3 млн 600 миң доллар.

Муну менен Улуттук банк быйыл валюта рыногуна онунчу ирет интервенция менен чыгып жатат.

Пикир

Оставить комментарий