• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук банк Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата коллекциялык тыйын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. КРнын Улуттук банкы бүгүн “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы” аттуу коллекциялык тыйынды жүгүртүүгө киргизет.

Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, коллекциялык тыйын залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына чыгарылган.

“Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз элинин баа жеткис руханий байлыгы болуп эсептелет. Анын чыгармалары коомдун түзүү жана тарбиялоо процессинин ажырагыс бөлүгүнө айланып, дүйнөнүн бир нече өлкөсүнүн мектептеринин жана университеттеринин программаларына кирген. Чыңгыз Айтматов элдин жүрөгүндө жана эсинде кыргыз элинин бай тарыхын ачкан залкар жазуучу катары калат”, - деп айтылат маалыматта.

Тыйындын алдыңкы тарабынын негизги сюжети Ч.Айтматовдун портретинин сүрөтү жана факсимилеси болуп эсептелет. Анын айланасында “Чыңгыз Айтматов – 90 жыл” “Chingiz Aitmatov – 90 years” деген жазуу жайгаштырылган. Оң жагында тыйындын номиналы көрсөтүлгөн.

Тыйындын арткы тарабынын жогорку бөлүгүндө КРнын герби жайгашкан. Тоолордун жана Ысык-Көлдүн фонунда ак кеме жана бугу эне чагылдырылган. Төмөнкү бөлүгүндө тыйындын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018). Ар бир тыйын акрил капсуласына салынып, сертификаттын тиркемеси менен өзүнчө кутуга салынган.

Пикир

Оставить комментарий