• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук банк дагы бир жолу ири интервенция жасап, $70,3 млн сатты

Экономика 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Улуттук банк 23-ноябрда валюта базарына дагы бир жолу ири интервенция жасап, бул ирет 70 млн 300 миң АКШ долларын сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Белгилей кетсек, бул жыл башынан бери жасалган 12чи интервенция.

Эске салсак, Улуттук банк акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында интервенция жасап, $55,4 млн саттыкка чыгарган. Ошентип, жыл башынан бери валюта базарына 517 млн 50 миң доллар сатылган.

Пикир

Оставить комментарий