• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 4,25% деңгээлинде сактап калды

Экономика 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Улуттук банк башкармалыгы 2019-жылдын 24-июнунда эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 4,25 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 2019-жылдын 25-июнунан тартып күчүнө кирет, - деп маалымдалат банктын расмий сайтында.

Кыргызстанда инфляция бир калыпта сакталууда. 14-июнга карата инфляция жылдык мааниде 0,9 пайыз деңгээлинде катталган. Мындай көрсөткүч сезондук факторлордун натыйжасында жашылча-жемиштерге баалардын бир аз калыбына келишинин эсебинен түптөлгөн.

"Экономиканын алгылыктуу арымда өсүшү уланган. 2019-жылдын январь-май айлары ичинде реалдуу ИДӨ 5,6 пайызга, ал эми “Кумтөр” боюнча маалыматты эске албаганда – 1,5 пайызга өскөн. Реалдуу ИДӨнүн өсүшүнө негизги салымды өнөр жай сектору кошкон. Чогуу алгандагы ички суроо-талап өлкөгө акча которуулардын агымы жана реалдуу эмгек акынын өсүшү менен колдоого алынган", - деп айтылат маалыматта.

Тышкы чөйрөнүн өнүгүшүнө баа берүүлөр, анын ичинде дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы баа динамикасы Улуттук банктын күтүүлөрүнүн чегинде катталууда. Инфляция боюнча болжолдоолор: 2019-жылдын акырына карата инфляция 4,0 пайыздан жогору эмес деңгээлде (2019-жылдын декабрь айы/2018-жылдын декабрь айына карата), ал эми анын орточо жылдык мааниси – ички жана тышкы таасирлер жок болгон шартта 1,0 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө.

Акча-кредит саясатынын түрткү берүү чараларын колдоого алуу экономиканы кредиттөөнү андан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн, мында коммерциялык банктардын депозиттик базасынын көбөйүшү белгиленген. Банктар аралык кредит рыногу катышуучулардын жигердүүлүгүнүн сакталышы менен мүнөздөлгөн. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери менен негизги чендин ортосундагы ажырымдын кыскарышы уланган, алар боюнча динамика көбүнчө Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин ортосунда орун алууда. Банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүк боюнча айрым төмөндөөлөр байкалганы менен анын деңгээли дагы деле жогору бойдон сакталууда. Ушул себептен, Улуттук банк арылтуу операцияларын жүргүзүүнү улантууда.

Ички валюта рыногундагы жагдай салыштырмалуу туруктуу сакталууда. Чет өлкө валютасына болгон сунуштан суроо-талаптын жогору болушуна байланыштуу алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнө жол бербөө максатында, Улуттук банк учурдагы жылдын май айынын акырында ички валюта рыногунда четөлкө валютасын 27,0 млн АКШ долларында сатуу операциясын ишке ашырган.

Чогуу алгандагы суроо-талаптын алгылыктуу динамикасы жана тышкы рынок тарабынан инфляциялык тобокелдиктердин таасирлеринин төмөн болушу эсептик чен өлчөмүн сактап калууга мүмкүндүк берген. Орто мөөнөткө каралган келечекте тышкы таасирлер жок болгон шартта инфляциянын 5-7 пайызга жакын түптөлүшү күтүлүүдө. Тышкы жана ички чөйрөдө кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта Улуттук банк акча-кредит саясатынын учурдагы багытын корректировкалоо мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий