• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде калтырды

Экономика 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында маалымдалат. Чечим 2019-жылдын 24-декабрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасында инфляция бир калыпта сакталган динамиканы көрсөтүү менен Улуттук банктын күтүүлөрүнүн чегинде орун алган.

Маалыматка ылайык, 13-декабрга карата инфляция жылдык мааниде 2,9 пайыз деңгээлинде катталган. Мындай көрсөткүч азык-түлүк товарларына баалардын кошкон алгылыктуу салымынын эсебинен түптөлгөн. Базалык инфляция көрсөткүчү төмөнкү деңгээлде сакталган.

"Улуттук банктын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча божомолуна ылайык, инфляциянын орточо жылдык мааниси 1,2 пайыз аралыгында түптөлөт, ал 2020-жылы дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын калыбына келүүсүнөн улам, ошондой эле ички жана тышкы таасирлер жок болгон учурда, акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчү – 5-7 пайыздан ашпайт. Дүйнөлүк жана регионалдык рыноктордо жакынкы аралыкта күтүлгөн тенденциялар Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн олуттуу инфляция тобокелдиктерин жаратпайт", - деп айтылат маалыматта.

Реалдуу сектордо экономикалык жигердүүлүк сакталууда. 2019-жылдын январь-ноябрь айларында реалдуу ИДӨ 4,9 пайызга, ал эми "Кумтөр" ишканалары өндүргөн продукциялар боюнча маалыматтарды эске албаганда – 3,5 пайызга өскөн. Өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы экономиканын бардык негизги секторлорунда байкалган, мында өндүрүш сектору негизги салымды кошууну уланткан.

"Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий