• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде калтырды

Экономика 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында маалымдалат. Чечим 2020-жылдын 28-январынан тартып күчүнө кирет.

Өлкөдөгү инфляция Улуттук банк тарабынын күтүлгөн чектеги орточо жогорулаган динамиканы көрсөтүү менен төмөн деңгээлде сакталууда.

2020-жылдын январь айында (17-январга карата) инфляция жылдык мааниде 2,8 пайызды түзгөн. Азык-түлүк товарларына, анын ичинде, мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга, сүт азыктарына баалардын өсүшү өтүп жаткан жылдын башынан тартып жалпы баа деңгээлинин динамикасына кошумча салымын кошкон.

2020-жыл ичинде инфляциянын түптөлүшү көбүнчө дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы жагдайга жана Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндөгү экономикалык абалга көз каранды болушу күтүлөт. Мында глобалдык жана регионалдык азык-түлүк рынокторундагы тенденциялар жакынкы аралыкта акырындык менен жогорулоо улантышы болжолдонот.

Улуттук банктын акча-кредит саясаты 2020-жылы инфляция деңгээлин орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыздан ашпаган чекте кармап турууга багытталган.

Учурда Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүк сакталып турат. Экономиканын негизги секторлору өлкө экономикасынын өсүшүнө оң салымын кошууну уланткан. Ошол эле учурда өлкөгө акча которуулардын агылып кирүүсү төмөндөгөн тенденция ички суроо-талапты ооздуктаган факторлордун бири болуп калууда.

Экономиканын монетардык жана финансы секторлорунда 2019-жылы белгиленген негизги тенденциялар сакталып калган. Акча рыногундагы кыска мөөнөттүү пайыздык чендер Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чек алкагында, негизги ченге жакын деңгээлде катталган. Ошондой эле коммерциялык банктардын, негизинен, улуттук валютадагы кредит портфелинин жана депозиттик базасынын көбөйүшү улантылып жатат. Экономиканын долларлашуу деңгээли буга чейин калыптанган минималдуу деңгээлге чейин жеткен.

"Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрү жана түзүлгөн ички шарттар, кандайдыр бир тышкы жана ички инфляциялык таасирлер болбогон учурда, 2020-жыл ичинде инфляция динамикасынын максаттуу көрсөткүчтөн – 5-7 пайыз чегинен ашпаган деңгээлде сакталышын болжолдойт. Ушуга байланыштуу эсептик чен өлчөмүн сактап калуу чечими кабыл алынган. Негизги чен боюнча чечимдер инфляциянын айкын деңгээлин жана максаттуу көрсөткүчкө карата болжолдонуп жаткан инфляция динамикасын, ошондой эле экономиканын өнүгүшүн эске алуу менен кабыл алынат. Ал эми ички жана тышкы шарттардан улам тобокелдиктер келип чыккан шартта, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатын корректировкалоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий