• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 4,5% деңгээлинде калтырды

Экономика 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. КР Улуттук банкынын башкармалыгы 2019-жылдын 25-мартында эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 4,50 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2019-жылдын 26-мартынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында маалымдалат.

Кыргыз Республикасында баа динамикасы төмөн деңгээлде сакталып турууда. Март айында (15-мартка карата) баанын жалпы деңгээли жылдык мааниде алганда 0,4 пайызга төмөндөгөн. Азык-түлүккө баа төмөндөгөн. Кызмат көрсөтүүлөргө жана азык-түлүктөн башка товарларга баанын өсүшү басаңдоодо. Ал эми алкоголь ичимдиктерине жана тамеки заттарына баанын өсүшү орточо арымда жүрүүдө. Улуттук банк 2019-жылдын акырына карата инфляциянын 5,0 пайыз чегинде (2019-жылдын декабры/2018-жылдын декабрына карата), ал эми анын жылдык орточо мааниси 3,0 пайыздан жогору болбогон чекте болоорун болжолдоодо.

Экономикада өсүш тенденциясы сакталууда, айрыкча ал кайра иштетүү өндүрүшүндө байкалууда. 2019-жылдын январь-февраль айларында айкын ички дүңөнүм 4,9 пайызга, ал эми «Кумтөр» боюнча маалыматтарды эске албаганда – 1,0 пайызга өскөн. Ичтен суроо-талап өлкөгө акча каражаттарын которуулар жана реалдуу эмгек акынын өсүшү менен коштолууда (2019-жылдын январь айында акча которуулдардын таза агымы 11,2 пайызга көбөйгөн болсо, айкын эмгек акы 4,4 пайызга жогорулаган).

Акча-кредит саясатынын экономиканын реалдуу секторуна өбөлгө түзүүчү чараларын колдоого алуу максатын көздөгөн багыттары экономиканы кредиттөөнү андан ары кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банк белгиленген пайыздык чен чегинде туруу менен негизги ченге жакын белгиленүүдө. Банктар аралык кредит рыногунда активдүүлүктүн артышы байкалууда. Банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүк орун алып, ал Улуттук банк тарабынан арылтуу операцияларынын жүргүзүлүшүн шарттоодо. Ички валюта рыногунда абал туруктуу сакталууда.

Жыл акырына чейин соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасында туруктуу өсүш жагдайы, ошондой эле дүйнөлүк товардык чийки зат рынокторунда салыштырмалуу баа туруктуулугу сакталып, сырттан жана ичтен кандайдыр бир таасирлер келип чыкпаган шартта, өлкөдө экономикалык жигердүүлүктүн бара-бара күч алышы инфляциянын орто мөөнөттүк мезгил ичинде акча-кредит саясатынын 5-7 пайыз чегинде белгиленген максаттуу көрсөткүчү чегинде калыптанышынаөбөлгө түзөт. Эсептик ченди мурдагы деңгээлде сактоо чечими да жогоруда белгиленген шарттарды эске алуу менен кабыл алынган. Тышкы жана ички чөйрөдөкандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта Улуттук банк акча-кредит саясатынын учурда жөнгө салынган багытына түзөтүүлөрдү киргизиши мүмкүн.

Инфляцияга таасир этүүчү ички жана тышкы факторлорго туруктуу негизде баа берип туруу менен Улуттук банк түптөлгөн экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алуу ниетин көздөөдө.

Пикир

Оставить комментарий