• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5% деңгээлинде калтырды

Экономика 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5% деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги онлайн маалымат жыйыны учурунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал эсептик ченде 5% деңгээлинде калтыруунун себебин айтып берди.

"Биринчи кезекте ал чечим, өлкөдө инфляциялык процесстер башталгандыктан кабыл алынды. Ушул жылдын апрель айында инфляция 8,6%ды түздү. Май айынын 15ине карата жылдык инфляциянын көрсөткүчү 7,5% болду. Ал нерселер учурда инфляциянын көтөрүлүшү бар экенин көрсөтүүдө", - деди ал.

Анын айтымында, Улуттук банктын божомолу боюнча экинчи жарым жылдыкта инфляция төмөндөйт.

"Апрель-май айында инфляциянын көтөрүлүшү коронавирустан улам азык-түлүк бааларынын жогорулашы менен байланыштуу болду. Аны менен катар ал жыл мезгилине байланыштуу болду. Себеби бизде жыл сайын жаз айларында жашылча-жемиштердин ж.б. баасы көтөрүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий