• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5% деңгээлине жогорулатты

Экономика 0

Бишкек, 25.02.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 0,75 пайыздык пункта жогорулатты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк башкармасы 2020-жылдын 24-февралында эсептик чен өлчөмүн 75 базистик пунктка 5 пайыз деңгээлге чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 2020-жылдын 25-февралынан тартып күчүнө кирет.

"Кыргызстанда баа динаминкасы орточо деңгээлде өсүүнү көрсөтүүдө. Ушул жылдын февраль айында инфляция жылдык мааниде 3,9 пайызды түзгөн. Товарлардын азык-түлүк тобуна баалардын өсүшү баалардын жалпы деңгээлине инфляциялык басым көрсөтүүнү уланткан", - дейт ал.

Өлкө экономикасынын өнүгүшү мурдагыдай эле көбүрөөк деңгээлде тышкы экономикалык шарттардан көз каранды бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө экономикалык жигердүүлүк сакталып турат. Ал эми глобалдык жана регионалдык азык-түлүк рынокторундагы тенденциялар жакынкы аралыкта акырындык менен жогорулашын улантат.

Пикир

Оставить комментарий