• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде сактап калды

Экономика 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, чечим 2020-жылдын 31-мартынан тартып күчүнө кирет.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 пандемиясынын жайылышы жана мунайга карата дүйнөлүк баанын кескин төмөндөшү 2020-жылдын март айынын башынан тартып тышкы чөйрөдөгү жагдайдын олуттуу өзгөрүшүнө алып келди. Учурда дүйнөлүк экономиканын басаңдашы, товардык-чийки зат жана финансы рынокторундагы дүйнөлүк баалардын жогорку волатилдүүлүгү, ошондой эле соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн валюталарынын алсызданышы байкалууда.

Тышкы экономикалык шарттардын таасири жана чек аралардын жабылышы Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүккө айрым чектөөлөрдү жаратты. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасында 2020-жылдын январь-февраль айларында 4,3 пайыз деңгээлинде катталган ИДӨнүн орточо өсүшү кийинки чейректер ичинде экономикалык жигердүүлүктүн төмөндөшү менен алмашышы мүмкүн.

Чет өлкө валютасынын реэкспорттук операциялар аркылуу да, акча которуулар аркылуу да өлкөгө агылып кирүүсүнүн азайышы, ошондой эле мунайга дүйнөлүк баанын төмөндөшүнө байланыштуу региондогу улуттук валюталардын алсызданышы улуттук валютанын – сомдун курсуна тиешелүү басымды шарттады. Ички валюта рыногунда түптөлгөн чет өлкө валютасына суроо-талап менен сунуштун өз ара катышынын натыйжасында, АКШ долларынын сомго карата курсу жогорулап, азыркы учурда бир АКШ доллары үчүн 80,0 сом тегерегинде катталган. Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу режимин сактоо менен, зарылдыгына жараша, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, мурдагыдай эле валюталык интервенцияларды жүргүзүүнү улантат.

Улуттук банк баа туруктуулугун колдоо үчүн бир катар чараларды кабыл алды. Алмашуу курсунун жана соода чөйрөсүндөгү шарттардын тийгизген таасиринен улам инфляциялык таасир күчөгөн шартта, 2020-жылдын 24-февралында Улуттук банктын эсептик чени 5,0 пайызга чейин жогорулатылышы инфляция динамикасына корректировкаларды киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Азыркы учурда (20-мартка карата) Кыргыз Республикасындагы жылдык инфляция көрсөткүчү 4,9 пайыз деңгээлинде катталган. Ал эми баалардын жогорулашы, негизинен, азык-түлүк товарларынын тобуна туура келет. Улуттук банк өтүп жаткан жыл ичинде инфляциянын убактылуу тездешин анын орточо мааниси акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчү – 5-7 пайызга жакындашы менен болжолдойт.

Ал эми монетардык сектор акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендеринин акырындап жогорулашы менен мүнөздөлөт. Чендер мурдагыдай эле Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин тегерегинде, айрыкча, эсептик ченге жакын деңгээлде өзгөрүлүп турушу уланууда. Банк тутумунда улуттук валютада үстөк ликвиддүүлүк, ал эми банктар аралык кредит рыногунда жигердүүлүк сакталып турат.

Негизги чен боюнча чечимдер инфляциянын айкын деңгээлин жана орто мөөнөттүү мезгил аралыгында максаттуу көрсөткүч 5-7 пайыз деңгээлинде болжолдонуп жаткан инфляция динамикасын эске алуу менен кабыл алынат. Дүйнөлүк жана регионалдык экономиканын басаңдашы 2020-жыл ичинде ички суроо-талапты төмөндөтүү менен Кыргыз Республикасынын экономикасына олуттуу таасирин тийгизет. Ички жана тышкы шарттарды, ошондой эле орто мөөнөттүү мезгил ичинде инфляциялык процесстердин болжолдонгон динамикасын эске алуу менен Улуттук банк эсептик чендин буга чейин белгиленген өлчөмүн сактап калуу чечимин кабыл алды.

Улуттук банк баа туруктуулугуна, ошондой эле финансылык туруктуулукка таасирин тийгизген факторлорго туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий