• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 8,5 пайызга чейин жогорулатты

Экономика 0

бишкек. 01.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 8,5 пайызга чейин жогорулатты. Чечим 2022-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзүндө товарларды жеткирүү туруктуу болбой, улам үзгүлтүккө учурашы менен бирге дүйнөлүк финансы рынокторунда ликвиддүүлүктүн өсүшү таасирин тийгизген, дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын өсүшү улангандыктан, өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө инфляциялык басымдын жогору болушу сакталып турат. COVID-19 коронавирусунун омикрон-штаммынын жайылышынан улам, дүйнөдө жана Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө иш жигердүүлүгүнүн калыбына келиши бир аз басаңдаганы белгиленген.

Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүк орточо деңгээлде калыбына келүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүшү 3,6 пайызды, Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда 3,9 пайызды түзгөн. Негизинен, кызмат көрсөтүү жана өнөр жай секторлорунан оң салым белгиленген. Ошол эле учурда, айыл чарбасында жана курулушта өндүрүштүн кыскарышы экономиканы калыбына келтирүүдө тоскоолдук жараткан фактор болуп калган.

"Тышкы чөйрөнү өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 8,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Зарыл болгон учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатына кошумча оңдоолорду киргизет.

Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизүүчү тышкы жана ички факторлорго үзгүлтүксүз баа берип турат жана экономикалык кырдаалга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды көрөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий