• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13%га чейин төмөндөттү

Экономика 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. КР Улуттук банк башкармалыгы 28-ноябрда эсептик ченди 13%га чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банкттын атайын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, бул чечим бүгүндөн тарта күчүнө кирет.

“Мындай чечимди кабыл алууда тышкы жана ички экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттары эске алынды. 2022-жылдын 18-ноябрына карата маалымат боюнча жылдык инфляция октябрь айындагы 15,4 пайыздан төмөндөө менен 14,5% пайызды түзгөн. Учурда Кыргызстанда инфляция төмөндөө тенденцияны көрсөтүүдө”, - деди ал.

Маалымат жыйынында КР Улуттук банк башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки отуруму 2023-жылдын 30-январында өтөрү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий