• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Экономика 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 24-апрелине карата Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасында оң тенденция сакталып турат. ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 2023-жылдын январь-март айлары ичинде 4,6 пайызды түзгөн. Өнөр жай, кызмат көрсөтүү секторлорунда өндүрүштүн өсүшү экономиканын өсүшүнө көбүрөөк салым кошуусун улантууда. Ички суроо-талап чөйрөсү туруктуу кеңейүүдө.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда керектөө баалары 2023-жылдын башынан тартып 3,2 пайызга өскөн, мында апрель айында (2023-жылдын 14-апрелине карата) жылдык инфляция көрсөткүчү 2022-жылдын декабрь айындагы 14,7 пайызга караганда бир аз басаңдап, 10,5 пайызды түзгөн.

"Айрым азык-түлүк товарларына баалардын өсүшү басаңдаганы байкалат. Мурда кабыл алынган акча-кредит саясатынын чаралары инфляциянын бир калыпта төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн.

Жалпысынан Кыргызстанда инфляция бир аз басаңдаган, бирок тышкы чөйрөдө белгисиздик жагдай дагы деле жогорку деңгээлде сакталып турат: дүйнөлүк инфляциянын болжолдуу көрсөткүчтөрү жогорку мааниде сакталып, тышкы финансы рыноктору өзгөрүлмөлүү бойдон калууда. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы жагдайдын андан ары туруктуу абалга келиши Кыргыз Республикасындагы инфляциянын басаңдашына өзүнүн таасирин тийгизет, ошол эле учурда бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы менен байланышкан факторлор инфляцияга түрткү берген ички факторлор бойдон калууда. Инфляциянын келечектеги тенденциялары көп учурда дүйнөдөгү геосаясий жагдайга көз каранды болот", - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Султанкулов белгилегендей, тышкы жана ички экономикалык чөйрөдө түптөлгөн өнүгүү шарттарын эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды.

"Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн дагы караштырат.

Улуттук банк түптөлгөн жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл болгон учурда орто мөөнөттүү мезгил ичинде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт жана кошумча инструменттерди колдонот.

Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки отуруму ушул жылдын 29-майында өтөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий