• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Улуттук банк эсептик коюмду 5% деңгээлинде сактап калды

Экономика 0


Бишкек, 28-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Улуттук банктын башкармалыгы эсептик коюмду 5 пайыз өлчөмүндө кармап туруу чечимин кабыл алды. Чечим 2017-жылдын 28-июнунан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткө маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында учурдагы инфляция күтүлгөн божомолдо сакталууда. Июнда жылдык инфляция 4,4% түздү.

“Ички талаптын акырындык менен калыбына келиши өлкөдөгү инфляция процессине таасирин тийгизүүдө. Жашылча-жемиштерди сатууда баанын өсүшү жана кызмат көрсөтүүлөр инфляциянын иш жүзүндө калыбына келишине чоң салым кошту”,-деп билдирди Абдыгулов.

Ал азыр экономикада жакшы көрүнүштөр байкалып жатканын айтып, январь-май айларындагы экономиканын өсүшү, “Кумтөрдү” эске албаганда 6,8% пайызды түзгөнүн, ИДПнын чыныгы көрсөткүчү 2,9%пайыз болгонун кошумчалады.

“Ички базардын керектөөчүлөрүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Экономиканын негизги багыттарында өндүрүштүн өскөнү байкалган. Өндүрүштүн калыптанышынын биринчи себеби катары улуттук валютада насыялардын берилип жатканын айтсак болот. Ошондой эле, улуттук же чет элдик валютада берилген насыялардын үстөк пайызынын арзандашы дагы буга себеп болууда”,-деди Улуттук банктын төрагасы.

Мындан тышкары ички базар туруктуулукту сактап турат. Жыл башынан бери сом 0,9%пайызга бекемдеген. Бирок Улуттук банк ички валюта базарына катышкан эместигин кошумчалады Абдыгулов.

Улуттук банктын төрагасы ошондой эле, “насыя берүүнүн жолдорун жеңилдетүү, экономиканын айрым секторлорун өнүктүрүүгө, насыянын үстөк пайызын арзандатууга, насыя берүүнү жайылтууга шарт түзөт. Жалпысынан банктар аралык акча базары эркин өтүмдүүлүктү тиешелүү деңгээлде мүнөздөй алат. Бул өз кезегинде акча базарында улуттук валютанын учурдагы динамикасын аныктайт”,-деди.

Т. Абдыгулов Улуттук банк ички жана тышкы факторлорду тынымсыз баалап, акча-насыя саясатында тиешелүү чараларды көрүп тураарын айтты. Мындан тышкары, Улуттук банктын акча-насыя саясатындагы учурдагы багыты жакынкы аралыкта туруктуу сакталарын билдирди.

Ошондой эле, ал Кыргызстандагы каражаттын жалпы массасы 90 млрд сомго жеткенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий