• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Улуттук банк эсептик коюмун 5% деңгээлинде сактап калды

Экономика 0

Бишкек, 28.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. КР Улуттук банкынын эсептик коюму 5 пайыз деңгээлинде сакталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КРУБ төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын маалыматында, бул чечим кечээ КР УБ башкармалыгы тарабынан кабыл алынган жана бүгүнкү күндөн тарта күчүнө кирет.

Ошондой эле ал Кыргызстанда инфляциянын деңгээли бир калыпта калып жатканы тууралуу маалымдады.

“Кыргызстанда экономиканын өсүшүндө оң темп сакталууда. Чыныг ИДПнын өсүшү январь-октябрь айларында 3,9%ды түздү. “Кумтөр” кенин эске албаганда - 3,5%. Экономиканын өсүшү 25,6%га жогорулаган акча которуулардын туруктуу динамикасы менен кармалууда”, - деп кошумчалады КР УБ башчысынын төрагасынын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий