• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук банк ички рынокто алтын куймаларын сата баштады

Экономика 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 2022-жылдын 1-февралынан тартып өлкөнүн ички рыногунда аффинаждалган алтын куймаларын сата баштады.

Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10,9 кг (10900 гр.) 13,4 кг (13400 гр) чейинки салмакта даярдалган, куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99,95 пайыз химиялык таза металл түзөт.

Аффинаждалган алтын куйманын сатуу баасы Улуттук банк тарабынан ар бир аффинаждалган алтын куймага өзүнчө белгиленет жана ал күнүмдүк негизде Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланып турат.

Улуттук банк аффинаждалган алтын куймаларын кайра сатып албайт.

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (алтын өндүрүү жана иштеп чыгуу ишканаларын эске албаганда) аффинаждалган алтын куймаларын сатуу, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине которуу аркылуу Улуттук банктын борбордук жүгүртүү касса тобу тарабынан нак эмес формада ишке ашырылат.

Аффинаждалган куймалар даярдап чыгарган заводдун аффинаждалган алтын куйманын сандык-сапаттык көрсөткүчтөрүн тастыктаган сертификатын жана аффинаждалган алтын куймаларын сатуу жөнүндө квитанцияны милдеттүү түрдө тиркөө менен сатылат.

Улуттук банк тарабынан аффинаждалган алтын куймаларын сатуу шарттары жөнүндө толук маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Кызмат көрсөтүүлөр» бөлүмүнүн «Аффинаждалган алтын куймалары» бөлүкчөсүндө жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий