• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук банк: Ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу

Экономика 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда акча-кредит чөйрөсүндө туруктуулук сакталып турат. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү сегменти рыноктун катышуучуларынын жигердүүлүгү жогорулашынан улам, чендердин жогорулашын көрсөткөн, мында алар Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин тегерегинде негизги ченге жакын деңгээлде өзгөрүп турган.

Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээли сакталууда, бул көбүнчө бюджеттик канал боюнча чыгаша операцияларынын эсебинен калыптанган. Улуттук банк арылтуу операцияларын, негизинен, акча рыногунун кыска сегментинде жүргүзүүнү улантууда.

Коммерциялык банктардын депозиттик базасы жана кредит портфели акырындап өсүшүн улантуу менен терс экономикалык чөйрө шарттарында туруктуулугун көрсөтүүдө. Ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу, чет өлкө валюталарынын сомго карата курсунун волатилдүүлүгү төмөндөгөн.

Учурда Улуттук банк өтүп жаткан жылдын акырына карата инфляциянын орточо мааниси акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтөрүнүн алкагында 5-7 пайыз чегинде орун алат деп күтүүдө.

Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрүн жана учурдагы ички экономикалык шарттарды, ошондой эле экономиканын реалдуу секторуна көмөк көрсөтүү чараларын колдоо зарылдыгын эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды.

Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизген ички жана тышкы факторлорго туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша, акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларын кабыл алат. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, алардын кесепеттерин жөнгө салуу үчүн Улуттук банкта жетиштүү инструменттер каралган.

Пикир

Оставить комментарий