• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук банк: Ички валюта рыногунда доллардын өсүшү психологиялык факторлорго байланыштуу келип чыгууда

Экономика 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рыногундагы жагдайларды туруктуу негизде көзөмөлдөп турат.

Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда Украинада орун алган акыркы окуяларга байланыштуу геосаясий жагдайга, ошондой эле АКШ жана Европа союзуна кирген өлкөлөр тарабынан Россияга карата санкциялар белгилениши мүмкүндүгү тууралуу маалыматка байланыштуу, тышкы финансылык рыноктордо орус рублинин курсунун жогору волатилдүүлүгү байкалууда.

Россия Кыргызстандын соода жана экономика боюнча негизги өнөктөшү болуп саналат жана соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандын валюта рыногуна кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн.

Кыргызстанда 1993-жылдан тартып өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун режими иштеп келет. Анын алкагында чет өлкө валютасына карата суроо-талап менен сунуштун балансынын негизинде курстун динамикасы аныкталат. Демек, кыргыз сомунун наркы, негизинен, чет өлкө валютасын сатып алуучулар/сатуучулар тарабынан ага карата суроо-талап менен сунуштун калыптанышына көз каранды.

Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн финансы рынокторундагы абал ички валюта рыногунда АКШ долларынын курсунун өсүшүнө алып келди, мындай абал көбүнчө психологиялык факторлорго жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрүнө байланыштуу келип чыккан.

2022-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилигинин банк коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү, анда ички валюта рыногундагы учурдагы жагдай, ошондой эле учурда орун алып турган геосаясий жагдайга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жол бербөө жана аларды азайтуу, өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн сактоо чаралары боюнча маселелер талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары Украинадагы кырдаалдан улам ички валюта рыногунда АКШ долларына суроо-талаптын жогорулашы байкалып жатканын белгилешти.

Ушул шарттарда Улуттук банк ички валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу үчүн валюталык интервенцияларды жүргүздү.

Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо түптөлгөн жагдайга туруктуу көз салып турат. Зарыл болгон шартта ички валюта рыногуна катышуусун улантат жана аны жумшартуу үчүн зарыл инструменттерге ээ.

Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн 6 айын жабат. 2022-жылдын 22-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерви 2 792,4 млн АКШ долларын түзөт.

Эл аралык резерв запасынын жетиштүү болушу жана валюталык интервенцияларды жүргүзүү аркылуу Улуттук банктын ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнүн болушу валюта рыногунда жагдайдын туруктуу абалда кармалып турушун камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий