• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук банк: Ички валюта рыногунда жагдай салыштырмалуу туруктуу

Экономика 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын ички валюта рыногунда жагдай салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу КР Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнө жол бербөө үчүн валюталык интервенцияларды жүргүзүүдө.

"COVID-19 пандемиясынын жаңы штаммдарынын жайылышы жана дүйнөдө калкты вакцина менен эмдөө процессинин жай жылышы глобалдуу сыяктуу эле, регионалдык экономиканын да калыбына келишине тобокелдиктерди жаратууда. Айрым азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баалардын өсүш тенденциясынын 2021-жылдын акырына чейин сакталып турушу күтүлүүдө. Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын тез арымда калыбына келиши Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык мамилелерди калыбына келтирүүгө жана өлкө ичинде ишкердик жигердүүлүгүнүн артышына алып келет", -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 6,5 пайыз деңгээлинде калтырды. Чечим 2021-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий