• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Улуттук банк интервенция жасады

Экономика 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. КР Улуттук банкы валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн быйылкы жылдагы алгачкы интервенцияны жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, жалпы 31 млн доллар сатылган – бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 13 млн 800 миң доллар, бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 17 млн 200 миң доллар.

Былтыр Улуттук банк 6 ирет интервенция жасап, анда 143 млн 450 миң доллар сатылган.

Пикир

Оставить комментарий