• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук банк интервенция жасап, 1,3 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Улуттук банк ноябрь айынын эсеби менен валюта рыногунда төртүнчү ирет интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк 18-ноябрь күнү валюта рыногуна 1 млн 300 миң доллар (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 19-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Пикир

Оставить комментарий