• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук банк интервенция жасап, 10,3 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги интервенция жасады.

Улуттук банктын сайтында айтылгандай, кечээ, 7-декабрда валюта рыногуна 10 млн 300 миң доллар сатылган (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен).

Жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногунда 27-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда учурда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Пикир

Оставить комментарий