• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук банк интервенция жасап, 23,4 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Улуттук банк валюта рыногунда интервенция жасап, 23,4 млн доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 2 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 21 млн 400 миң доллар саткан.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 17-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Пикир

Оставить комментарий