• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук банк интервенция жасап, $62,2 млн сатты

Экономика 0

Бишкек. 26.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна интервенция жасады. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында айтылат.

Улуттук банк бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 2 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 60 млн доллар саткан. Ошентип өлкөнүн башкы банкы 25-майда жалпы 62,2 млн доллар саткан.

Белгилей кетсек, бул май айында жасалган биринчи, ал эми жыл башынан берки 9чу интервенция. Улуттук банк валюта рыногуна жалпы 415 млн 670 миң доллар саткан.

Учурда чет элдик валютанын расмий курсу 87,59 сомду көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий