• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук банк интервенция жасап, валюта рыногуна 59,3 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 10-мартта интервенция жасап, валюта рыногуна 59,30 млн доллар сатты.

Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей, анын 39,85 млн доллары накталай түрдө сатылган.

2022-жылдын башынан 11-мартка чейин доллардын сомго карата расмий курсу 21,61%га өсүп, 1 АКШ доллары үчүн 84,8000 сомдон 103,1214 сомго чейин жогорулаган.

2022-жылдын башынан 10-мартка чейин Улуттук банк 284,30 млн АКШ доллары өлчөмүндө чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция жасаган.

Пикир

Оставить комментарий