• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук банк каржылык сабаттуулук боюнча "Финсабат" сайтын кайра ишке киргизди

Экономика 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Бишкекте калктын финансылык сабаттуулугун арттырууга арналган "Финсабат" сайтынын жаңыланган версиясы тартууланды.

Улуттук банктын финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Эмир Болотбеков билдиргендей, сайт алгач ирет 2015-жылы сынактык түрдү ишке киргизилген.

"Донорлордун биринин жардамы менен сайттын дизайны, түзүмү жаңыланды. Бул сайтта финансылык сабаттуулук боюнча материалдар, макалалар, видеороликтер бар. Ошондой эле, анда коммерциялык банктардын насыя, депозит жана акча которуулары боюнча шарттарын салыштырууга болот", - деди ал.

Аны менен бирге ал, финансылык сабаттуулукту арттыруу боюнча материалдарды көчүрүп алууга болорун белгиледи.

Ал эми Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Тимур Жусупов билдиргендей, насыяны кайтаруунун көрсөткүчүнүн төмөн болушуна (айрыкча аймактарда) калктын финансылык сабатынын аздыгы себеп болууда.

"Буга байланыштуу Улуттук банк жана өкмөт тарабынан финансы сабаттуулукту жогорулатуу программасы ишке киргизилди. Анын алкагында сайт иштелип чыккан", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий